22-23-октябрда аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу,
-тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.