Марал Радиосу

Адис: Быйыл ОРВИ былтыркыдан 2 эсе көп катталып жатат

Быйыл курч кармаган вирустук инфекция жугузуп алгандардын саны эрте көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асел Акымбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кыш, күз мезгилинде суук түшүп, сезондук оорулар күч алат. Азыр курч респиратордук вирустук инфекция, сасык тумоо менен чогуу эле коронавирус да кыш мезгилинде көбөйгөнү байкала баштады.

«Көбөйгөндүн себеби эмнеде? Сууктун келиши менен адамдардын коргонуу реакциясы төмөн түшүп кетет. Витаминдердин жетишсиздиги болот. Андан тышкары баарыбыз тыгылып бир бөлмөгө отуруп калабыз, ошондо контакт көп болуп, бири-бирине көп жугуп, бат көбөйүп кетет. Статистикага таянсак, быйыл курч кармаган вирустук инфекциялар  былтыркы жылкыга караганда 2 эсе көп катталып жатат. Өткөн жумада эле вирустук инфекция менен 1 761 бала 3-балдар клиникалык ооруканасына кайрылды. Алардын 729унан ОРВИ аныкталып, элүү төртү ооруканага жаткырылды. Бул балдардын 94%ы — 14 жашка чейинкилер»,  — деди ал.

Негизи курч кармаган вирустук инфекция аба аркылуу жуккандыктан, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө көп сандаган вирус абага тарап, анан башка адамдарга жугат. Биринчи температура көтөрүлөт, баш оору, алсыроо, тамактын оорусу, жөтөл,  чыйрыгуу, мурундун бүтүшү, мурундан суу агуу сыяктуу көптөгөн симптомдору бар.

Exit mobile version