Марал Радиосу

Ардагерлер чемпионаты: Роман Сарыбаев күмүш медаль алды

Грециянын Лутраки шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Роман Сарыбаев күмүш медаль алды.

Эркин күрөштүн А дивизионунда (36-40 жаш арасы) 88 килограмм салмак боюнча күрөшкөн Роман Сарыбаев финалдык беттеште орусиялык балбан Булат Дашинимаевге 10:0 эсебинде утулуп калды.

Роман Сарыбаев алгачкы беттешинде өзбек балбан Усмонжон Юсуповду 9:2 эсебинде, чейрек финалда казак балбан Абай Смагуловду 7:1 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда АКШ балбаны Жеймс Роберт Медейрос менен бет келип, аны да 7:1 эсебинде утуп алган.

Айта кетсек, Лутраки шаарында өтүп жаткан турнирге Кыргызстандын атынан 6 ардагер балбан жөнөп кеткен. Учурда өлкө капчыгында 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло бар.

23-октябрда грек-рим күрөшүнүн С дивизионунда (46-50 жаш арасы) 70 килограмм салмак боюнча Калмурза Жолдубаев күрөшөт. Оюндарды Дүйнөлүк Күрөш Уюму түз алып көрсөтүп жатат.