Биз менен байланышыңыз

«Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 763 | 0

Ысык-Көлдөгү «Асман» экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин мурунку төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Мамлекеттик дирекция «Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт. Инвестиция тартуу жана ресурстук камсыз кылууну көзөмөлдөйт.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө, стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнө жүктөлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ысык-Көл облусунда 500 миң адамга ылайыкталган «Асман» шаарын куруу пландалып жатканы быйыл июль айында маалым болгон.

Ал шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болору, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жай жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди ж. б. жайгаштыруу пландалууда.

Шаар 4 миң гектар аянтты ээлейт. Курулушу 7-10 жылдын ичинде бүткөрүлөт. Үстүнөн караганда шаар комуздун элесин берип турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM