Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Коркуткан жокмун, бирок «кыйынмын» дегендердин баарын кармап жатабыз

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 5641 | 0

Президент Садыр Жапаров учурда «мен кыйынмын» деп жүргөн мамлекеттик чоң кызматтарда иштегендер камалып, бюджетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруп жатышканын айтты.

Жапаров бул коркутуу сөздөрү эмес, элдин качантан бери коюп келген талабы экенин эскертти.

Президенттин маалыматына караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2020-жылдын октябрынан баштап ушул күнгө чейин мамлекетке келтирилген зыяндын эсебинен 7,5 млрд сом өндүрдү.

«Бардык жетекчилер элдин башын айлантып, «эптеп убакыт өткөрсөк баары унутулат» деп жүрүп, 30 жылдан бери телчигип, өнүгүү жолуна түшө албай жатабыз. Эл баарыңардын ишиңерди көрүп турат. Жетекчинин баскан-турганы элдин элегинде, кайсы жетекчи кантип байып жатат, балдары эмне жеп, эмне кийип калды? Мындай жөнөкөй суроолор ар бириңерди ойлондурушу керек«,- деди президент.

Жапаровдун айтымында, бардык мамлекеттик органдарга санарип программалар киргизилип, элди тейлөө жагы жеңилдетилет.

«Мурдагы күнүңөрдү, буга чейинки иш тартибиңерди унуткула! Ар бир мүнөт, ар бир күнүбүз текке кетпесин. Чечкиндүү кадамдарга баралы. Ишиңердин натыйжасын кыска мөөнөттүн ичинде көрсөткүлө«.

Copyright © 2017 Maral FM