Биз менен байланышыңыз

Президент: Бейөкмөт уюмдар ашыкча саясатташып кеткен

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 220 | 0

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар ашыкча саясатташып кеткен. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып айтты.

Кыргызстанда 17 миңден ашык бейөкмөт уюм каттоодон өткөн.

«Бизде саясий коопсуздук суроолорун жараткан маселелерди ушул чөйрөдөн көрө алабыз. Ушуга байланыштуу «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга быйылкы жылы Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү колдодум. Жарандык коомдун бардык институттары менен мамлекет өз ара кызматташып, мамлекетибиздин бекемделишине, өсүп-өнүгүшүнө багытталган иш-чараларды өткөрүп, өнөктөш катары иш алып баруусу абзел. Ал эми мамлекеттүүлүгүбүзгө, саясий коопсуздукка кедергисин тийгизген уюмдар менен мыйзам чегинде тиешелүү иштерди алып барабыз», — деди президент.

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 17-июнунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарды өзгөртүүнү колдогон. Документке депутаттардын 83ү «макул», 10у «каршы» добуш берген. Бул мыйзамга президент да кол койгон.

Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери: депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова.

Мыйзамга ылайык, бейөкмөт уюмдар киреше жана чыгашалары тууралуу маалымат берет. Долбоордун демилгечилери мындай аракеттер бирикмелердин ишинде ачык-айкындыкты камсыз кыларын айтса, укук коргоочулар, тескерисинче, чет элдик шериктештер менен иштөөдө тоскоолдук жаратарын белгилешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM