Биз менен байланышыңыз

22-октябрда кар жаайт

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 195 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 21-23-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт.

22-октябрь күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, карга айланат. Бактарга муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 градус болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болорт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Эртең, 22-октябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Тоолуу аймактарда кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз +1…+6;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +2…+4 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM