Биз менен байланышыңыз

Акимдердин ыйгарым укуктары боюнча мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 1290 | 0

Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдары консолидацияланды.

Документке ылайык, аким кызматка президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңеши боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын сунушунун негизинде президент тарабынан дайындалат жана бошотулат.

Акимдерге аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилет.

Мындан тышкары аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана бошото алат.

Облустук жана республикалык маанидеги шаар мэрлерин президент дайындайт.

Квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчилерди кызматка тартуу максатында аким, анын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына аймактык жана муниципалдык резервде тургандардын ичинен гана дайындалат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Аким, мэр жана айыл өкмөт кызмат ордуна талапкерлерге мыйзам менен квалификациялык талаптар жана чектөөлөр каралган.

Районду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү чечүү максатында райондук кеңеш түзүлүп жатат.

Акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча отчетторун угуу укугу берилди.

Copyright © 2017 Maral FM