Биз менен байланышыңыз

Президент: Жергиликтүү чиновниктер калктын көйгөйлөрүнө көңүл кош мамиле кылууда

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 579 | 0

Бүгүн, 21-октябрда Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтүүдө.  Ага президент Садыр Жапаров катышууда.

Президент өз сөзүндө өлкөдө оор учурда мамлекеттик башкаруу өзгөргөнү менен жергиликтүү бийликтин башкаруучулары өзгөрбөй, мурдагыдай иштеп жатканын айтты.

Ошондой эле мамлекеттик башчы реформалар калкка жетпей жатканын, жарандардан келген кайрылуулар былтыркыга салыштырмалуу эки эсе өскөнүн, 9 айда 10 миң 500 кайрылуу түшкөнүн маалымдады.

Мындан сырткары ал борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ажырым бар экенин айтып, аймактардын жетекчилери курулай отчёт берүүнү адатка айлантышканына токтолду.

Иш-чара 25-октябрда белгилене турган Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары  катышууда.

Республикалык кеңешмеде өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжасын, сапатын, кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM