Биз менен байланышыңыз

Айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмеси өтөт

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 458 | 0

21-22-октябрда Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат.

Иш-чара 25-октябрда белгилене турган Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башында турган өкмөт мүчөлөрү, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.

Республикалык кеңешмеде өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжасын, сапатын, кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланат.

Иш-чараны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз эфирде чагылдырат.

Copyright © 2017 Maral FM