Кыргызстандык ишкерлер казакстандык бизнесмендер менен 1 млн долларлык инвестициялык келишимге кол коюшту. Эки өлкөнүн ишкерлери «Астана» эл аралык каржы борборунда жолугушкан. Алардын басымдуу бөлүгү — инновациялык IT тармагында иш алып барган ишканалар. Экономисттер Кыргызстанда да эл аралык каржы борборлорунун филиалдарын ачуу аркылуу инвестиция тартуу керектигин айтышат.
Кыргызстандын бизнес өкүлчүлүгү чет өлкөдөн инвестор тартуу максатында «Астана» эл аралык каржы борборуна иш сапар менен барып келишти. Анын алкагында казакстандык MOST Ventures фонду менен кыргызстандык Namba One компаниясынын ортосунда бир млн долларлык инвестициялык келишимге кол коюлду.
Namba One компаниясы 15 жылдан бери түрдүү электрондук кызматтарды көрсөтүп келет. Ишкананын директору Аман Тентиев алган акча эмнеге жумшаларын айтып берди.
«Убагында Борбор Азия мамлекеттеринде да компаниянын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн иштетип жүргөнбүз. Акыркы 10 жылдын ичинде IT тармагындагы долбоорлорду Кыргызстандын ичинде эле иштетип келебиз. Өзүбүздүн долбоорлордун баарын бир тиркемеге чогултуп, жаңы финтек долбоорун иштеп чыктык. Мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн чоң суммадагы каржы булагы керек. Аны издөө максатында бир нече варианттарды карадык. Соңунда ушул долбоорго катышып, өзүбүздүн демилгени сунуштадык. Каржылаган фонд – Казакстандагы биринчи венчордук фонд. Бул «Астана» эл аралык каржы борборунун алдында ачылган. Атайын алардын койгон талаптарынын негизинде тандоо жүрдү. Ал үчүн бир айдан ашык убакыт чуркадык. Инвестицияны алуу биздин компания үчүн оңой болгон жок. Инвестицияны жаңы электроунааларды алып келүүгө жумшайбыз. Учурда алардын жарымын алып келдик. Мындан сырткары жарандар үчүн ыңгайлуу болгон электрондук жаңы тиркемелерге иштетилет».
«Астана» эл аралык каржы борбору – Борбор Азия, Кавказ, ЕАЭБ, Батыш Кытай, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнүн экономикасын байланыштыра турган аймактык инвестициялык хабга айланууну көздөгөн долбоор. Ага катышкандардын басымдуу бөлүгү инновациялык IT тармагында иш алып барат.
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Сыдыковдун айтымында, Кыргызстандагы ишкерлер инвестор тартуу үчүн ушул сыяктуу эл аралык фонддор менен иштеши керек.
«Биздин бизнес делегация «Астана» эл аралык каржы борборунун иши менен таанышып келди. Иш сапардын максаты ата мекендик ишканалар чет өлкөлүк инвесторлорду кантип тартуу керектигин аныктоо болчу. Биздин ишканалар инвестицияны Кыргыз фондулук биржасында сом аркылуу тартып келсе болот. Инвестицияны көп көлөмдө, доллар же евро аркылуу тартып келем десе, Казакстандагы аталган фонд аркылуу алып келсе болот. Бул — өзгөчө экосистема. Анын соттук системасы көз карандысыз, бизнеске болгон ишеними жогору. Ошондуктан Борбор Азиядагы көпчүлүк ишканалар инвесторлорду ошол жактан издешет. Бул каржы булагы көбүнчө инновациялык IT тармагына басым жасайт. IT тармагындагы окуу жайларды, ишканаларды көбөйтүү максатын көздөшөт. Мыкты адистерди даярдап, кийин алардын мыкты компанияларды түптөшүнө жол ачып берет».
Адистердин пикиринде, акыркы убакта Кыргызстандагы инвестициялык климат олуттуу кооптонууларды жаратууда. Бизнес коомчулук өлкө инвестициялык секторду жакшыртуу боюнча реалдуу реформага муктаж экенин айтат. Соңку маалыматтарга таянсак, 2021-жылдын биринчи кварталында чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү болгону 112 млн долларды түзгөн. Ошол эле учурда өлкөдөн чыгып кеткен капиталдын көлөмү 480 млн долларга жеткен.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун пикиринде, Кыргызстанга да каржы кызматтарды көрсөткөн фонддордун филиалдарын ачуу керек.
«Астанага болгон иш сапар жогорку деңгээлде өттү. Буга чейин Казакстандын президенти өзүнүн бизнес делегациясын Кыргызстанга жөнөткөн. Эки мамлекеттин ортосунда тажрыйба бөлүшүү, алмашуу процесттери жүрдү. Алар «Астана» эл аралык каржы борборун башка мамлекеттерге жайылтууну каалашат. Жакында биздин да бизнес делегация барып, алардын инфраструктурасын, мыйзамдарын, бизнес чөйрөсүн ж.б. ишмердиги менен таанышып келдик. Алар 4 млрд доллардан ашык инвестиция тартышыптыр. Эл аралык каржы борборуна 400дөн ашык ишкана катталган. Компаниялардын капиталы 40 млрд доллардан көп экен. Ийгиликтүү ишканалар ушул аянтча аркылуу 300 млн доллардан көп каражат тартыптыр».
Кыргызстандын жеке жана каржы секторунун АЭФБуна болгон иш сапары кыргыз бизнеси аймактык жана глобалдык инвестициялык рынок менен иштешүүгө даярдыгын жана кеңири мүмкүнчүлүккө ээ экенин далилдейт.
Буга чейин АЭФБ делегациясы Кыргызстандын каржы базары менен таанышуу максатында Бишкекке келип кеткен.