Марал Радиосу

Шайлоо-2021: Кайсы партияга добуш бересиз? (сурамжылоо)

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады.

Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 046 талапкер. Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял.

Эскертүү: Добушка коюлган 21 партиянын саны өзгөрүшү мүмкүн! Анткени 29-октябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүдөн өткөрөт. Эгер документтердин мыйзамга ылайык келбегени аныкталса, айрым партияларды шайлоо бюллетенине каттоодон баш тартышат.