Марал Радиосу

Султан Каримов: Оорумду элдин батасы менен жеңдим

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы Султан Каримов «Мен жана мезгил» программасында конокто болуп, өмүр жолундагы алган тажрыйбасы, чыгармачылыгы тууралуу маек куруп берди.

— Былтыр сыркоолоп айыктыңыз. Селт эттирип коркуткан күндөр буюрса артта калды. Жараткан мындан аркысына бекем ден соолук берсин! Өмүрдүн чыныгы баркы, бактысы да ишенимде болот экен. Жашоо, өмүр, убакыт, мезгил жөнүндө сиздин ой толгооңузду уксак…

— Ырахмат, чакырууңузга. Оорудан кийин кичине чыгармачылыкты сагындык. Биринчиден, ушул ааламды жараткан Жаратканга, андан кийин ата-энеме чексиз шүгүр айтам. Албетте, өмүрдү, жашоону Кудай берет. Учурдан пайдаланып, угармандарыма, сыркоологондо жардам берип күйгөн эл-журтума, үй-бүлөмө терең ыраазычылык билдирем! Анткени эл-журтумдун батасы, мага күйүп-бышкан күйөрмандарым болбосо, азыр мен олтурат белем, аны бир гана Жараткан билет. Ошол үчүн мен баарына ыраазымын, баарына терең таазим кылам!

— «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деген экен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Анын сыңары азыркы заманда инсандык касиетибизди сактап жашоо да кыйла оор болуп турган сыяктуу. Сурайын дегеним, сиз өзүңүздү тарбиялайсызбы?

— Албетте, жаш кезибизде ата-эне тарбиялайт. Анан биздин жаштык мезгил Совет дооруна туш болгондуктан, ал кезде идеология бар эле. Он беш мамлекет кошулган чоң мамлекетке эч ким кол сала алчу эмес. Советтер Союзуна эч ким кыйыр мамиле кыла алчу эмес. Анткени, идеологиясы күчтүү болчу. Мен да ошол тарбияны алып келгем. Ошол кезде бизге патриоттук сезимди катуу сиңирген экен. Менин ырларымдын көпчүлүгү Мекен жөнүндө. Ал эми азыркы заманда тарбия башкача болуп жатат. «Патриотмун» деп айтат, Конституцияга колун коюп, ант беришет. Бирок антына тура албай, шуулдап чет мамлекетке качып жөнөшөт да. Мен ойлойм Конституция Куран менен эле бир го. Куран — ооба, улуу. Бирок, мамлекеттин деңгээлиндеги нерсе да бийик болуп саналат. Ошондуктан мен андайларды кечире албайм. Ар бир адам өз деңгээлинде иш алып барса. Чыгармачылыкта жүргөн адам катары айтайын, чыгармачыл адамдардын сезими таза болот. Эгерде мага ылайыкталып жазылган ыр болсо, сөзүнө, обонуна менин үнүм дал келсе, ырдоо керек. Бул деле тарбия деп билем.

— Чыгармачылыгыңыздын башаты туурасында айтып берсеңиз?

— Чыгармачылыкка жол үйдөн эле башталган. Апам ырга шыктуу болчу. Үйдө аспаптарды ойноочу эле. Ошол кулакка сиңип, жаш кезимден ырдап баштагам. Байкем, эжем баарыбыздын музыкага шыгыбыз бар болчу. Бирок бул жолду тандаган жалгыз мен болдум. Өзүм жөнүндө айтсам, 3-4 жашымда ырларды уксам, кыңылдап туурап ырдап калчу экенмин. Ошол ырдаганымды жеңем көрүп калып, кийин пластинка алып келип берди. Ал пластинкада италиялык ырчынын ырлары бар болчу. Ал кезде кичинекей болсом да, ар бир ырды жаттап ырдап жүрдүм. Окуучулук кезимден ырдадым. Ал эми кыргыз ырчыларынан оркестрдин коштоосунда ырдаган Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыев өңдүү ырчылардын ырларын уктум. Кийин мектеп жана айылдар аралык мелдештерге катышып, грамота алып жүрдүм. Ошондой күндөрдө Караколдо облустук кароо-сынак болуп калды. Ал жерде кыргыз эстрада ансамблинин жетекчиси Чоро Кожомжаров калыстар тобунда олтуруптур. Мен ал мааракеге катышып, биринчи орунду ээледим. Сахнанын артында турсам, Кожомжаров келип, «Сен даяр талант турбайсыңбы, биздин эстрадага кошул», — деди. Мен: «8-классты бүтүп алайын», — дедим. Ошол жылы күздө кыргыз эстрада ансамблинде ырдап калдым. Ал учурда популярдуу болуп турган Алтынбек Сапаралиев, Гүлсүн Мамашева сындуу ырчылардын ар бир ырын сиңирип, баскан-турганын жаттап, анан албетте, Кожомжаровдун репертуарындагы ырларын да ырдап калчубуз. Ал убакта көптөгөн жаштарыбыздын кумири болушчу да. Польша, Болгарияга барууга абдан шарт түзүлгөн. Бирок, бизде: «Планды ким толтурат?» — деген бар болчу.  Албетте, ар кимдин өз алдынча планы болгон. Эстрада ошол кезде жаңы өнүгүп жаткан. Ошентип, үй-бүлөдө башталган чыгармачылыгым Чоро Кожомжаровдун эстрадасында уланып, андан ары өнүктү.

— Эң алгач ырдаган ырыңыз?

— Чоро Кожомжаровдун эстрадасына келгенимде чоң өзгөрүү болгон. Мен ал топто Ибраевдин ырларын ырдап жүрчүмүн. Кийин Алтынбек Сапаралиев сыркоолоп ооруп калды. Мага «анын ырларын тез жатта» деген тапшырма келип, үч күн ичинде бардык ырларын жаттап, биринчи ирет сахнага чыккам.

— Ырчылыкка жол салган ата-энеңиз экен. Алар да таланттуу болгон турбайбы…

— Айылда өскөндүктөн атам жер айдап, мал-жандуу киши болчу. Апам ырга жакын эле. Бизге бул талант апамдан өтсө керек. Бирок, алар: «Артист болсо, көп жакка кетип калат», — деп ырдатышчу эмес. Окуумду таштап, ата-энеме айтпай, эстрадага кошулуп кеткем. Мага баары каршы чыгышкан. Агам да: «Бул тармак жакшы эмес», — деп каршы болгон. Ал бир тууганым жакшы ырдачу. Кийин гастролдоп барганда түшүнүп, каалоо-тилектерин айткан.

— Студенттик мезгилди кандай өткөрдүңүз?

— Көбүнчө гастролдоп жүрдүм. Ал убакта кадыр-барктуу болчубуз. Бизди баары сыйлашчу. Гастролдо жүргөндө кечки 7де башталат делген концерт айыл калкы мал-жандыгын короого киргизип, клубга келгенче бир топ убакыт өтүп, айтор элди күтүп атып кеч башталчу. Концерт бүткөн соң мал союлуп, дасторкон жазылып, тамак жегенче түнкү 2 болуп кетчү. Кээде конокко чакырышканда, кечке сахнада жүрүп чарчаган жаныбыз: «Мал сойбой, жөн эле картөшкө кууруп койгулачы», — дечү элек (күлүп). Ал кезде атактуулардын жанында жүргөнүңө сыймыктанасың. Ал жактан келгенден кийин жан талашып, аракет кылып, окуйсуң. СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыевдин колунда окудум. Көбүнчө классика тармагына сүңгүп кирдим. Жаратканга шүгүр, ушул убакка чейин окуп үйрөнгөн ыкмалардын бир тобун калтырбастан колдонуп келе жатам. Группалаштарым менен азыр да сүйлөшүп турам. Дагы бир биз үчүн оор мезгил Совет тараган учур болду. Көптөгөн таланттуу ырчылар көчөдө чучук, шекер сатып, базарга чыгып жан багып калышкан. Мен да ошондой кыйын кезең күндөрдө араң жан бактым. Ошол убакта биздин чоңдор чыгармачыл адамдарга көңүл бөлүп карап койсо болмок эле.

— Чоң үй-бүлөдө чоңойдуңуз. «Чакан мамлекеттин» пайдубалы бекем болушу үчүн эмне кылуу зарыл?

— Үй-бүлөдө он алтынчысымын. Ал кезде оору көп болду. Илдеттен тогузу каза болду. Ата-энем кыйналып, ачарчылык болгон. Апам аябай боорукер эле, көчөдө калгандын баарын чогултуп келчү. Ошентип, кайра он алты бир тууган болуп калганбыз. Бир казанга тамак бышырылса, бир жегенде калбайт эле. СССРде канча мамлекет болсо, биздин үй-бүлө да өзүнчө ошондой мамлекет элек. Ал кезде элдин көз карашы башкача болчу. Баары чынчыл, ак ниет. «Мекенди сүй, керек болсо жаныңды бер» деп тарбияланганбыз. Азыр патриотмун деп айтканы менен куру сөз, жасаган иштери дал келбейт. Кээде балдарымды ошондой тарбияда өстүрүп жатканыма өкүнөм.

Exit mobile version