Марал Радиосу

Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун жаңы судьяларын шайлады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында  Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлер каралды. Аларды депутаттарга Президенттин өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.

Жабык электрондук добуш берүү аркылуу Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешев, Аида Сейдакматова Жогорку Соттун судьялыгына шайланды.

Шайланган судьялар дароо депутаттардын алдында ант беришип, кызматтык укук-милдеттерин аткарууга киришишти.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун судьяларын Президент сунуштап, Жогорку Кеңеш шайлайт. Жогорку Соттун курамы 1 төрага, үч орун басар, 31 судьядан турат.

Exit mobile version