Жаңы долбоордо 15 товардын баасына мамлекет тарабынан жөнгө салуу киргизилмей болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик кызматтар рыногу башкармалыгынын башчысы Искендер Маматов «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда социалдык жактан маанилүү товарларга мамлекеттик жөнгө салуу боюнча токтомдун жаңы долбоору киргизилип жатат. Бул — мамлекеттин негизги милдети, калктын аялуу катмарын колдоо, аларга жардам көрсөтүү багытында алып барылып жаткан иш. Бул токтом 2009- жылдын апрель айынан бери иштеп келген, бир нече жолу өзгөртүүлөр да киргизилген.
«Жаңы долбоорду сунуштап жатканыбыздын себеби, жаңы Конституцияга өттүк, жаңы түзүмдөр пайда болду. Пандемия учурунда бул тизмеге кошумча товарларды киргизип, санын 25ке жеткирдик эле. Жаңы долбоорго алардын он бешин калтырып атабыз, себеби тизмеде чай, балдардын тамактары, жер-жемиштер, балык түрлөрү, текстилдик материалдар, эттин түрү, тоют азыктары бар эле. Бизде көпчүлүк товарлар импорттолот. Айтылып кеткен товарларга бүгүнкү күндө ажиотаж жок, алардын баасы сезонго жараша өзгөрүп турат, бирок бизде ар дайым бар. Алардын баарын ишкерлер алып келет, биз чектөө киргизип коюу менен алардын мүмкүнчүлүгүн азайтып, иш-аракетине тоскоол болгондой болобуз. Ошондуктан аларды чыгарып, социалдык товарларды эле киргиздик», — деди Маматов.
Жаңы долбоордо биринчи сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө нан, тандырга жабылган нандар, 2,5тен 3,2ге чейинки майлуулугу бар сүт, өсүмдүк майы, каймак май, эт, эттин ичинен: уйдун эти, койдун эти, сулп эттен башкасы, кумшекер бар, тазаланган күрүч, макарон азыктары, жумуртка кошулган. Андан сырткары көмүр, бензиндин эки маркасы: 80-92, анан дизель майы кирген. Суюлтулган газ, тоюттардан чөп менен саман кошулган. Бул токтом кабыл алынгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.