Марал Радиосу

Депутаттар Баткен эли үчүн 3 млн сом жардам чогултту

Баткендеги чек ара окуясында жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү үчүн жардам катарында депутаттардан 3 млн сом топтолгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 6-майындагы № 4544-VI токтомуна ылайык, депутаттардын бир айлыгын которуп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Депутаттар топтолгон каражаттын 2 млн сомун Баткен облусуна, 1 млн сомун селден жабыр тарткан Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя айылынын элине которууну сунуштап жатышат.

Ошондой эле акчаны максаттуу сарптоо үчүн аймактардагы билим берүү жана медицина мекемелерине бөлүп берүү боюнча пикирлер да айтылууда.