Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин жыйынында эки депутат ант берди

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алайбек Алымбаев менен Арсланбек Ражапбаев ант берип, депутаттык кызматына киришти.

Алайбек Алымбаев «Республика — Ата журт» фракциясынан, ал эми Арсланбек Ражапбаев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.

Арсланбек Ражапбаев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Алмазбек Жутановдун ордуна, Алайбек Алымбаев кызматын өз каалоосу менен тапшырган Пархат Тулендыбаевдин ордуна мандат алган.