Марал Радиосу

Бишкекте Абай Кунанбаевдин, Нур-Султанда Манастын айкели орнотулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Казакстандын элчиси Казакстандын маданият күндөрүн Бишкек шаарында өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн Айбек Жунушалиевге жана Бишкек мэриясына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Маданият күндөрүн Нур-Султан шаарында өткөрүүдө ар тараптуу жардам көрсөтөрүн айтты.

Мындан тышкары буга чейин өкмөттүк деңгээлде макулдашылган Бишкекке Абай Кунанбаевдин, Нур-Султанга Манастын айкелин коюу маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда элчи менен мэр эки өлкөнүн достук мамилелерин өнүктүрүү жана чыңдоо маанилүү экенин белгилешип, мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.