Марал Радиосу

Айсулуу, Айпери, Аймээрим. Балбандардын аты берилген үч эм үйгө чыгарылды

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызынын аты берилген үч эм үйүнө чыгарылды. Ага Айсулуу Тыныбекова барып, үч эмдин ата-энеси менен баарлашты. Бул тууралуу Айсулуу Тыныбекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Үч эм 5-октябрда төрөлгөн.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, 2021-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын жеңүүчүсү.

Мээрим Жуманазарова (68 кг) кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын коло медалынын жеңүүчүсү.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү.