Марал Радиосу

ЖМК: Ташиев резиденцияда Атамбаев салган үйдө жашайбы?

Kaktus.media маалымат агенттиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев учурда кайсы жакта жашап жатканын жазды.

Маалыматка караганда Ташиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жашаган үйдө жашап жатат.

Агенттик бул маалыматты тастыктоо үчүн резиденциянын директору Адилет Билимбек уулуна байланышкан. Ал Ташиевдин «Ала-Арчада» жашап жатканын тастыктап, бирок кайсы үйдө экенин айтуудан баш тарткан.

«№1 мамлекеттик резиденциянын аймагында республиканын жогорку кызмат адамдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы жашайт. Коопсуздук маселесин эске алып, ким кайда жашай турганын ачыктай албайбыз. Бирок бул жетекчилер жашаган бардык объектилер мамлекеттин менчиги экенин белгилей кетүү керек», — деп билдирген резиденциянын жетекчиси.

Маалыматка караганда, Камчыбек Ташиев коммуналдык кызматтардын акысын өзү төлөйт.

2018-жылы Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үчүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында 89,3 миллион сомго дача курулганын «Азаттыктын» сайты жазган. Анын 77,8 миллион сомун Атамбаев өзү бөлгөн, калган акча кайдан алынганы белгисиз.

Маалыматтарга караганда, ал үйдүн жалпы аянты 301,8 чарчы метрди түзөт, анын ичинде конок бөлмөсү, ашкана, эки уктоочу бөлмө, офис жана эки унаа үчүн гараж бар. Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» деген макамы алынгандан кийин үй мамлекеттин менчигине өткөн.

Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин «Temirov LIVE» каналы август айында УКМКнын башчысынын жашаган жери боюнча маалымат чыгарган: