Марал Радиосу

Нуржамал Ильясова ЕЭКтин ишкердикти өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болду

Нуржамал Ильясова Евразия Экономикалык Комиссиясынын ишкердикти өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалган.

Ал 1998-2016 -жылдары Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент), Бишкек шаарындагы ар кандай кызматтарда иштеген.

2020-жылдан 2021-жылга чейин Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.