Марал Радиосу

Министрлер кабинети «Кара-Кеченин» өнүгүүсүнө каражат бөлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кара-Кече» кенине болгон жумушчу сапарынын учурунда бир жылдын ичинде «Кыргызкөмүргө» жеке көмүр кампаларын ачуусу, жаңы техника сатып алуусу үчүн акча бөлүп берерин билдирди.

Акылбек Жапаровдун айтымында, «Кара-Кечеде» иш мыкты деңгээлде жүрүүдө. Бирок заманбап техникаларды сатып алып, ишти мындан да илгерилетүү зарыл.

Ошол эле учурда жол маселеси да унутта калган жок. Министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт жана жол министрлигине Дыйкан — Кара-Кече жолун тез аранын ичинде оңдоо тапшырмасын берди.

Айта кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда Нарын облусуна иш сапар менен жүрөт.