Учурда Кыргызстанда дүйнөлүк жазуучулардын китептерин уруксатсыз которуп же которулган вариантын көчүрүп, сатыкка чыгарган басмаканалар көбөйдү. Бул мыйзам чегинде иштеген басмаканалардын жумушуна тоскоолдук жаратат. Тийиштүү органдар уруксатсыз которгон же плагиат түрүндө көчүргөн басма үйлөрүн жоопко тартышы керекпи? Плагиат мамлекетке кандай зыян алып келет?
Акыркы күндөрү китеп окуган жарандардын саны өсүп, көчөлөрдө китеп саткан жайларды көп учуратабыз. Аны менен катар басмаканалардын саны да мурдагыдан кыйла көбөйдү. Бирок басмаканалардын баары эле эреже менен иш алып барат дегенден алыспыз. Адистер китептерди мыйзамсыз чыгарган басмаканалардын көпчүлүгү кошумча нарк салыгын төлөөдөн качарын айтышат.
«Китепстан» — кайсы бир автордун китебин которууда уруксат алып, мыйзамдуу иштеген басма үйлөрдүн бири. Директору Бакыт Абдуллаев автордук укукту сактабагандык – уурулуктун бир түрү экенин айтат.
«Автордук укукту сактабагандык мыйзамга туура келбейт. Жалпы адамзаттык баалуулуктарга да туура келбейт. Каршы тараптын ошентсе да китеп окуп жатышат деген жүйөсү бар. Бул нерсени мыйзам чегинде ишке ашырса болот. Мыйзамда китеп басып чыгарууда 12 пайыздык КНС деген бар. Көбү ошол салыктан качышат. Эки-үч миң тиражда басып чыгарышса да, миңди чыгардык деп каттап коюшат. Чыныгы санын белгилешпейт. Бул маселени Маданият министрлиги, бийлик башында турган адамдар, тийиштүү органдар көзөмөлдөшү керек. Мындай мыйзамсыз которуулар улана берсе, мамлекетке чоң зыяны тийип калышы мүмкүн. Эл аралык бестселлерлерди уруксаты жок кыргыз же орус тилинде сата берсек, мамлекет өзү жооп берип калат. Орусиялык басмаканалар орус тилине которуу үчүн автордон уруксат алышат. Биздикилер алардын котормосун көчүрүп, басып чыгарышат. Мындай учурда орусиялык басмаканалар толук түрдө мыйзамсыз көчүргөнү үчүн Кыргызстандын басма үйлөрүн сотко бере алат».
Ошол эле учурда ал дүйнөлүк жазуучулардын китептерин кыргыз жана орус тилине которуу үчүн автордон уруксат алуу оңой иш эмес экенин түшүндүрдү.
«Дүйнөлүк жазуучулардын китептерин которууда сөзсүз түрдө автордук калем акы төлөнөт. Алдын ала миң же эки миң тираждыкын төлөп чыгарабыз. Атайын көзөмөлдөгөн эл аралык мекемелер бар. Таанымал эмес автордун китебин которууга жөн эле уруксат берип коюшу мүмкүн. Ал эми дүйнөлүк бестселлерлердин практикасында белгилүү бир сумманы төлөмөйүнчө алар автордук укукту бербейт. Алар менен англис тилинде кат жазып байланышабыз. Өзүбүздүн басмакана тууралуу алдын ала маалымат беребиз. Буга чейин кайсы авторлордун китептерин которгонубузду жана которо турган адам ким экенин да сурашат. Мындан сырткары канча сомдон сатылары тууралуу да маалымат беребиз. Ортодо атайын келишим болот, ошол жерде белгиленген пункттардын негизинде которуп, сатыкка чыгарабыз. Канчалаган түйшүк менен ишке ашат. Кээ бир китептердин авторлорунан уруксат алуу үчүн эки жылдан көп чуркайбыз. Китептин баасы кымбат дегенге кошулбайм. Биз автордук укукту алып, орусчасынан арзан сатабыз. Биздин рынокту билебиз. Сатып алуу күчү анча эмес. Бизде 400 сомдук китепти кымбат дешип, кафеге барып жөн эле жеп коюшат. Тойлорго барганда эки-үч миңден көп акчаны жөн эле берип коюшат. Бир айда бир же эки китеп алууда эч кандай оорчулук жок. Бул жерде болгону адамдын өзүнүн тандоосу жана чечими керек».
Кыргызстанда окурмандардын талабына жараша китептерди чыгарган «Бугупресс» агенттигинин директору Жаныбек Абидетегин китептин которулган түп нускасы плагиат вариантынан тез эле айырмаланып каларын айтат.
«Китепти колго алганда дароо эле билинет. Жакшы ачылбайт. Жакшы китеп эпке келет. Колго кармоого да ыңгайлуу. Китептин экинчи бетин кароо керек. Ал жерде китептин паспорту болот. Ошол жерге уруксат алынганы жазылышы керек. Сапаттуу китепти окуган окурмандарга да жакшы. Эптеп уурдап которулган варианты арзан болгону менен кагаздын сапаты начар, тексттер кыйшак болот. Андай тексттерди окуу адамдын көзүнө зыян. Уруксат алып жазып жаткан ишканалардыкында паспорту жазылат. Уруксат берүү учурунда алардын талаптары эске алынат. Алар айткан нерселер жазылышы керек. Китепти кармап көрүп, дизайнын карап билсе болот».
Ал эми ИИМдин басма сөз кызматкери Бакыт Сеитов эгерде автордук укук бузулуп, жабырлануучу арыз менен кайрылса, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
«Атайын автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзам бар. Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин 199-беренесинде атайын автордук укуктар боюнча пункттар каралган. Бирок акыркы үч-төрт жыл ичинде бул берене менен эч ким арыз жазып, ИИМге кайрылган эмес. Кайрылган учурда чыгымдын көлөмү, кимдер тарабынан укук бузулду жана башкалар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Автордук укукту бузганы чектен ашып кетсе, анын атайын жазасы жана кылмыш жоопкерчилиги каралган. Аны аягына чейин сот аныктайт. Тергөө органдары 199-берененин негизинде тергеп, квалификациясын карап, ошонун жыйынтыгы менен сотко жөнөтөт. Ал жерде атайын айыптар жана кылмыш жоопкерчилиги бар. Айып пулдун баасы 10 миң сомго чейин, ал эми кылмыш жоопкерчилиги 2 жылдан көп мөөнөткө камалат».
Өлкөдө 100гө жакын майда жана ири басмакана, басма үй бар экени айтылып келет. Статистикалык маалымат боюнча Кыргызстанда жылына 1200-1300 аталышта китеп басылып чыгат. Алардын 25%га жакынын котормолор түзөт.