Марал Радиосу

Бишкекте «Куран жазы» эл аралык сынагы өтөт

Кыргызстанда Куранды мыкты окуу боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

«Куран жазы» эл аралык сынагы 30-октябрда Бишкек шаарындагы Имам Сарахсий борбордук мечитинде өтөт.

Анда КМШ өлкөлөрүнөн келген белгилүү хафиздер жана илимпоздор «Куранды» эң мыкты  билүү жана  жатка окуу боюнча күч сынашат.