Марал Радиосу

Орусия Президентинин администрация башчысы Акылбек Жапаровду куттуктады

Орусия Президентинин администрация жетекчиси Антон Вайно Акылбек Жапаровду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Антон Вайно куттуктоо катында эки өлкөнүн президенттик администрацияларынын ортосундагы конструктивдүү жумушчу байланыштарды өнүктүрүү эки өлкө лидерлери тарабынан коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирген.

Ошондой эле Акылбек Жапаровдун ишине ийгилик, өзүнө чың ден соолук каалаган.