Марал Радиосу

Таласта жол кырсыктан сегиз адам каза болду

Талас районунда жол кырсыктан 8 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык, 15-октябрда саат 23:00 чамасында болгон. Талас районундагы Кара-Ой айылынын кан жолунан Honda Stepwgn унаасы менен  DAF оор жүк ташуучу унаасы кагышкан. Кырсыктан 7 эркек, 1 аял көз жумган.

Жерине барган ӨКМдин Талас райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучусу каза болгондорду унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда.