Марал Радиосу

Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматына төрага болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 15-октябрдагы буйругу менен Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Алтынбек Абдувапов бул тармакта 2011-жылдан бери иштеп келет. Ал буга чейин төраганын орун басары болчу.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Илияз Иманбетов финансы министринин биринчи орун басары кызматына бекитилди. Ал Салык кызматынын төрагасы кызматына ушул жылдын 14-апрелинде Улукбек Мариповдун буйругу менен келген.