Марал Радиосу

Анара Дубанбаева: Чет жактагы тилкелерде техника жетишсиздиги болбойт

Чет жактагы шайлоо участоктору техникалык жактан 100% камсыздалат. Бул туурасында БШКнын мүчөсү, чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Анара Дубанбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Учурда жаңы ачылган участокторго да АСУ аппараты коюлду.

«Ага керектүү куралдарды да ала бардык. Ал жерде бир нерсенин жетишсиздиги болбойт деп ойлойм. Бардык шарттар түзүлүп жатат», — дейт БШК мүчөсү.

Ал мигранттар Боршайкомдун сайтынан шайлоого байланыштуу бардык суроолоруна жооп алса болорун белгиледи. Ошондой эле мурунку шайлоолордо чет жакта жүргөн мекендештердин добушу жалпы добуштардын 5-10%ы гана болуп калганын, бул жолку шайлоодо жарандарыбыз активдүү катышат деген үмүттө экенин кошумчалады.

Exit mobile version