Марал Радиосу

Улуттук банк тогузунчу ирет интервенция жасады

Улуттук банк 14-октябрда валюта базарына интервенция жасап, 30,2 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери жасалган тогузунчу интервенция.

Улуттук банк ушул жылдын башынан тарта 341 млн 350 миң долларын валюта базарына саткан.