Марал Радиосу

Бактыгүл  Жакишева: Ревматоиддүү артрит толук дарыланбайт

Ревматоиддүү артриттин белгилерин байкаган адам муун оорулары менен иштешкен дарыгерге кайрылышы керек. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгери, ревматолог Бактыгүл  Жакишева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бул оорудан жабыркап келген бейтаптарга биринчи кезекте гормондор колдонулат, анткени адамдын иммунитети карама-каршы иштеп жатканда, шишиктердин алдын- алуу үчүн гормондор колдонулат. Экинчиден, иммунитетти түшүрүш үчүн ошондой күчтүү дарылар колдонулат.

«Тамак- аш жагын карасак, ревматоиддүү артрит бул муундардын жумшарышы болушу мүмкүн, ошонун алдына алыш үчүн быштак, сүт, кальций бар тамактарды көбүрөөк жеш керек. Майлуу жана таттуу тамактарды азыраак жеш керек, калганынын баардыгын жей берсе болот»,  — деди ал.

Бүгүнкү күндө бул ооруну толук дарылап салуу мүмкүн эмес. Бул өнөкөт оору,  бул оору бирде шишигени менен бирде тынч стадиясы болот. Бирок ошо тынч стадияга келиш үчүн бейтаптар ревмотолог врач менен тыкыс мамиледе иштеши керек. Өз убагында келип, даарыларды өз убагында ичсе, оорунун белгилерин жокко чыгарса болот, бирок андан толук  арылуу мүмкүн эмес.