Биз менен байланышыңыз

Арипов Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 300 | 0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстандын премьер-министри белгилегендей, өлкө жетекчиси жана парламенти тарабынан Акылбек Жапаровго көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын натыйжалуу эмгек ишмердигинин татыктуу бааланганынын далили болуп саналат.

«Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу биздин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого жетишебиз деп ишенем», – деди ал.

Өзбекстандын премьер-министри Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM