Биз менен байланышыңыз

Кумтөр иши: Тайырбек Сарпашев кайра камалды

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 455 | 0

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сарпашев тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Ал «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип 18-июнда УКМК тарабынан кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылган.

Сарпашевдин канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштары аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM