Марал Радиосу

Жалал-Абадда төрөлгөн үч эмге мэрия тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды. Үч эмге турак жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

Үч эмдин (бир уул, эки кыз) энеси Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен бир бөлмөлүү ижара батирде күн кечирип келген.

Эске салсак, ушул жылдын 31-мартында Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова 3 эм төрөгөн.