Марал Радиосу

15-16-октябрда Чүй облустук театры отузунчу сезонун ачат

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры 15-16-октябрда XXX мааракелик сезонун ачат. Бул тууралуу театрдын директору Азамат Болгонбаев «Маралга» маалымдады.

Сезондун ачылышында Асангүл Абдыгулованын «Бала башкарма», Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде Абибилла Пазылов инсценировкалаган «Гүлсарат» спектаклдери көрүүчүлөргө тартууланат.

Спектаклдер Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында саат 18:00дө коюлат.