Марал Радиосу

Ташиев: Тажикстан менен болгон чек араны тактоо иштери активдешти

Көпчүлүгү чек ара маселеси токтоп калды деп ойлоп жатса керек, бирок андай эмес. 3-4 күн болду, чек ара боюнча мамлекеттик комиссия тажик тарап менен Исфана шаарында жолугуп, дагы 8,5 чакырым жерди жазып келдик. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 13-октябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, акыркы күндөрдө жазган чек ара 90 чакырымга барып калган.

«114 чакырымды жазып бүткөндөн кийин экинчи этапка өтөбүз. Башкача айтканда, чек араларды аныктоо боюнча иштер толук жүрүп жатат. Акыркы убакта Тажикстан менен болгон чек араны аныктоо иштери активдеше баштады. Себеби, билесиздер, алар менен болгон чек ара жабык. Чек ара жабык болгону үчүн, жана башка бир нече себептерден улам активдеше баштады», — деди Ташиев.

Ошондой эле Өзбекстан менен болгон чек ара постору экономикалык таңкыстыктан улам ачылбай турганын кошумчалады.