Марал Радиосу

Канада 40 миң ооган качкынын кабыл алууга даяр

Канада мамлекети 40 миң ооган качкынын кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо «Твиттер» баракчасына жазды.

«Канада 40 миң качкын кабыл алат. Ошондой эле качкындардын коопсуз көчүп алуусуна жигердүү көмөктөшүүгө башкаларды да чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Ооганстан бийлигине согуш ачып, 15-августта Кабул шаарын басып алып, өлкөгө өз бийлигин жарыялаган. Мындан улам айрым өлкөлөр өз жарандарын Ооганстандан чыгарып кетүүнү баштаган. Учурдагы бийликке баш ийүүнү, мамлекетинде калууну каалабаган айрым жергиликтүү тургундар да башка өлкөлөрдөн башпаанек сурап келишет.