Марал Радиосу

Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышат

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Каныбек Иманалиев №25 Аламүдүн округунан талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн 228 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.