Марал Радиосу

Сыргабаев: Саакашвили саясий электораты бар экенин билет

Михаил Саакашвилинин реформатор экенин Грузиянын азыркы саясатчылары деле моюндарына алып жатышат. Мындай пикирин саясат таануучу Самарбек Сыргабаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Саакашвили бир караганда авантюрист адамдай сезилет.

«Чынында эле мунун басып өткөн жолун карап көрсөк, же тиги жакта, же бул жакта саясий авантюрага, ызы-чууга аралашып жүргөндөй элес калтырат. Жакшылап карап көрсөк,бул инсан саясий харизмага ээ. Буга теңдеш эч ким деле болгон жок. Азыр бардык эле эксперттер, Грузиянын азыркы саясатчылары Саакашвилинин доорунда терең реформалар жүргөнүн, Грузиянын экономикасы алда канча жакшырганын моюндарына алып жатышпайбы?! Ошол эле күч түзүмдөрүн терең реформалаганы — факт. Муну да моюнга алып жатышат», — дейт ал.

Сыргабаевдин пикиринде, Саакашвили жөн эле кайтып келген жок, ал саясий электораты бар экенин билет. Ошол себептен кирип келип, жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгына таасир берди.

Exit mobile version