Марал Радиосу

Кыргызстанда «Халал парк» долбоору иштеп баштаганы турат

Кыргызстанда «Халал парк» деп аталган долбоор ишин баштаганы турат. Бул тууралуу  «Кыргызстан-Малайзия» корпорациясынын негиздөөчүсү Рамис Карымшаков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын пикиринде, кыргызстандыктардын 80-90%ы мусулмандар болгондуктан, ислам жылдан жылга өнүгүп, адал продукцияга кызыгуу көбөйүп баратат.

Адал индустриясы — Кыргызстандын өнүгүшүнө инвестиция тартуучу тармактардын бири.

«Мен адал индустриясы Кыргызстандын өнүгүшүнө инвестиция тартуучу тармактардын бири деп санайм. Биздин башталып жаткан долбоор «Халал парк» деп аталат: этти исламдын нормасында иштеп чыгаруунун техникалык-экономикалык негиздемесин жазуу долбоору. Кыскача айтып кете турган болсом, долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынып, Экономика министрлиги тарабынан демилгеленген. Бул долбоор 2015-жылдан бери келе жаткан экен. Өзүбүз 2 жыл мурун катышып калдык. Мен өзүм Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы сооданы, билим берүүнү жана туризмди өнүктүрүү үчүн 2015-жылы «Кыргызстан- Малайзия» корпорациясын ачкам. Ислам өнүктүрүү банкынын сайтына жарыяланган конкурсту көрүп, бирок бизде адал жагынан ошончолук чоң деңгээлдеги эксперттер жок болгондуктан, өзүмдүн малайзиялык өнөктөштөрүм менен катышып, сынактан өтүп, ишти баштап жатабыз», -деди ал.