23-октябрдан 25-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (Өкмөт үйүнүн алды) «Aгротехэкспо-2021» көргөзмөсү, «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Иш-чарада айыл чарба техникалары көрсөтүлүп, өсүмдүк өстүрүүдөгү, кайра иштетүү өнөр жайындагы заманбап технологиялардын түрлөрү тааныштырылат. Ошондой эле айыл чарба өндүрүмүн, асыл тукум мал-жандыктарды арзан баада сатып алууга болот.
Көргөзмө жана жарманкеге 200дөн ашуун Кыргызстандын жана чет элдин компаниялары катышары болжолдонуп жатат.