Марал Радиосу

УКМК Айыл чарба министрлигинин кызматкерлерин камакка алды

УКМК айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгаруудагы коррупциялык фактыларды аныктады.

Маалым болгондой, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлери менен логистикалык компаниянын өкүлдөрү ата мекендик өндүрүмдөрдү тышка чыгарууда жасалма тоскоолдук жаратып, мунун арты менен товар экспорттоочулардан ири өлчөмдөгү акча алып келишкен.

Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка тиешеси бар адамдар камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version