Марал Радиосу

Нурсултан Акылбек: Партиялардан биригүүнү талап кылбоо керек

Бийлик былтыркы башаламандыктан сабак албаптыр, анын аягы жакшы бүтпөйт. Мындай пикирин саясат талдоочу, жарандык активист Нурсултан Акылбек «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, былтыр «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары шайлоодо мыйзам бузганы үчүн башаламандык болгон. Быйыл деле ошол бийликчил партиялардын ичинде ошол эле талапкерлер кетип жатат.

«Мен азыркы тизмени карасам, ошол эле «Мекеним Кыргызстандагы» кандидаттар «Ата Журт -Кыргызстанда» алдыңкы сапта жүрүшөт. Дагы «Ынтымак» деген партия пайда болду, ал да бийликчил партия болуп жатат. Менин оюмча, былтыркыдан сабак алышкан жок. Бийлик кайра эле ошолор менен, ошол нукта кетип жатат. Менин оюмча, бул жакшы нерсеге алып келбейт», — дейт саясат талдоочу.

Ал азыр «Ата Мекен» менен «Реформа» биригип жатканын эске салып, либералдар менен социалисттердин биригиши жакшы деле идея эмес экенин билдирди.

«Булар бириксе эле, «Реформанын» шайлоочулары автоматтык түрдө «Ата Мекенди» колдойт дегенден алысмын. «Реформа» партиясынын идеясы башка, прогрессивдүү жарандар ал партияны ошол идеясы үчүн колдойт. Биз партиялык системаны кура албай жатабыз деп атпайбызбы, кура албаганыбыздын себеби, биз карама-каршы көз караштагы адамдарды бириктиребиз да, шайлоого өтөбүз дегенден. Менин оюмча, бириккен бир оппозицияны куруунун деле кереги жок. Оор кырдаалда гана бири-бири менен тил табышып, бийликке бир күч болуп туруп берсе, 3 партиядан болобу, бир партиядан болобу, маанилүү эмес. Ошондуктан андай биригүүнү талап кылуудан алыс болуу керек», — дейт ал.

Exit mobile version