Марал Радиосу

Нурсултан Акылбек: Жаңы парламенттин бийлиги да, таасири да болбойт

«Ата Мекендин» бийликке альтернатива болобуз дегени абдан амбициялуу кайрылуу, бирок ишке ашпайт. Мындай пикирин юрист, жарандык активист Нурсултан Акылбек  «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыркы Конституция боюнча президентке болуп көрбөгөндөй чоң бийлик берилген, ал эми парламенттин көзгө көрүнөрлүк бийлиги, өлкөдө болуп жаткан кырдаалга чоң таасир эте ала турган күчү жок.

«Жаңы шайланган парламенттин миссиясы, жанагы авторитаризм тарапка өтүп кетпөөгө калканч болуп берет, эң башкы максаты — ошол. Башка эч кандай таасир этип, же көрүнүктүү иш кыла алышпайт», — дейт ал.

Ал «Ата Мекенге» салыштырмалуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жылдан- жылга парламентке өтүү шансы көп болуп баратканын белгиледи.

«Бирок парламентке өтүп эмне кыла алышат, ошол суроо. Же өкмөттү кура алышпаса, же тышкы, ички саясатка таасир этпесе. Балким, мыйзам кабыл алуу аркылуу таасир этебиз деген ойлору бардыр. Азыркы саясий партиялардын эң башкы маселеси — Конституциянын ичиндеги көйгөйлөрдү, парламенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча референдум  өткөрүү. Балким, ошо максатта барса, менин оюмча жаңылышпайт», — деди ал.

Ал V-VI чакырылыштагы парламент бийликтин кызыкчылыгын карата түзүлгөн парламент болгонун, элдин тандоосунан өтпөгөнүн кошумчалады. Анын пикиринде, бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш парламентаризм принцибине абдан чоң доо кетирди.

Exit mobile version