Марал Радиосу

Польшадан 55 миң 200 доза AstraZeneca вакцинасы келди

Польша мамлекети Кыргызстанга  55 миң 200 доза AstraZeneca вакцинасын жөнөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жөнөтүлгөн жүктү «Манас» аэропортунан министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын Кыргызстандагы элчиси Томаш Коллат Евробиримдиктин өкүлү Эдуард Ауэр тосуп алды.

Вакцина Европа Биримдигинин Жарандык колдоо механизминин алкагында COVID-19га каршы биргеликте күрөшүү максатында жөнөтүлгөн.