Марал Радиосу

Кыргыз футбол союзуна Медербек Сыдыков жетекчи болду

Кыргыз футбол союзуна Медербек Сыдыков жетекчи болду. Бул тууралуу аталган союздун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарындагы Jannat Regency мейманканасында Кыргыз футбол союзунун кезексиз конгресси өттү. Анда мурдагы президенттин арызын кабыл алуу, жаңы президентти шайлоо маселелери каралды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында кызматка талапкер болгон Медербек Сыдыков дагы бир талапкер Семетей Султановдон көп добуш алып, 4 жылдык мөөнөткө президент болуп бекитилди.

Айта кетсек, Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов кызматтан кетерин буга чейин жарыялаган болчу. Ал мунун себебин парламенттик шайлоого барары менен түшүндүргөн.

Канатбек Маматов аталган кызматка 2019-жылдын 11-февралында Семетей Султанов мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткенден кийин шайланган.

Медербек Сыдыков 1982-жылы Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Буга чейин Кочкор-Атанын «Нефтчи», Кара-Суунун «Жаштык-Ак алтын» футболдук клубдарында ойногон. 2017-жылдан бери Кыргызстан футбол федерациясынын башкы катчысы кызматын аркалап келген.