Марал Радиосу

Акыркы суткада коронавирустун 57 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 11-октябрга карата коронавирус 57 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 40, Ош шаары — 2, Чүй облусунда – 2, Талас облусу — 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусу – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 458 бейтап, амбулатордук түрдө 680 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 338 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 86 киши айыгып чыкса, 2 миң 620 адам каза болду.

Exit mobile version