Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-октябрда түнкүсүн күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 5 … 10;
Талас жергесинде түнкүсүн -2 … +3, күндүз 2 … 7;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 3… 8, күндүз 9 … 14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0 … +5, күндүз 6 … 11;
Нарын дубанында түнкүсүн -2… +3, күндүз 8 … 13.
Бишкек шаарында 10-октябрда жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2 … 4, күндүз 5 … 7°.