Марал Радиосу

Дүйнө биринчилиги: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков күрөшөт

Күрөш боюнча Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 8-октябрда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков күрөшөт.

Ал 60 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Ал алгач беларустук спортчу Максим Кажарскиге каршы күрөшөт.

Эртең, 9-октябрда Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67) килемге чыгат.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган, 10-октябрда аяктайт.

Анда кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов коло утуп алышты.