Бүгүн, 7-октябрда ЖИА бизнес ассоциациясы JIGER деп аталган форум өткөрүүдө.
Максаты — жаш ишкерлердин башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу.
Форумга өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 400 жаш ишкер катышып жатат. Өз тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн 8 спикер чакырылган.
Жалпысынан технологиянын бизнестеги орду, ишкердиктин масштабын кеңейтүү, инвестиция тартуу жана инвестор менен туура мамиле куруу, IT багыты боюнча темалар талкууланат.