Марал Радиосу

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин саны 127ге жетти

Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 7-октябрга карата 127ге жетти.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Кыргызстанда 36 округ бар, алардын ар биринен талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн. Округ боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрда саат 18:00гө чейин кабыл алынат.